Коргоо министрлиги 1-августтагы жаңжал боюнча түшүндүрмө берди

БИШКЕК. 1-август күнү Коргоо министрлигинин Жогорку Кенештин имаратында жайгашкан Байланыш башкармалыгында радио машыгуу өткөрүлүшү белгиленген. Жогорку Кенештин вице-спикери Кубанычбек Исабеков 31-июлда башкармалыктын кызматкерлерин имаратка киргизбөө жөнүндөгү буйругун чыгарганына байланыштуу бул иш-чараны талаа шартында өткөрүүгө туура келди. Бул тууралуу бүгүн коргоо министринин биринчи орун басары Замир Молдошев билдирди. Кечээ Кубанычбек Исабеков 1-август күнү Коргоо министрлигинин кызматкерлери күч менен имаратка кирүү аракетин көрүштү деп маалымдаган. Молдошевдин айтымында, эгерде өкмөт башка жайды бөлүп берсе, министрликтин Байланыш башкармалыгы парламенттин имаратынан көчүрүлөт.

Азиза Турдуева, Бишкек