Р. Баучер кыргыз жетекчилиги менен жолугушат

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Кыргызстанда 10-11-августа жумуш сапар менен болот. Бул маалыматты тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков 7-августа тастыктады. Анын айтымына караганда, Ричард Баучер Бишкекте президент, премьер-министр жана тышкы иштер министри менен жолугушуп, кыргыз-америка мамилесинин кеңири тармактары боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.