Коргоо министринин орун басарлыгына Аскарбек Жапаров дайындалды. Ал министрликте аскерий даярдык көрүү тармагын тейлейт. Коргоо министрлигинде ошондой эле абадан коргонуу күчтөрү түзүлдү. Анын башчылыгына полковник Олег Попиков дайындалды. Бул тууралуу Rоргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.