ЭЛДИК ОЮНДАРДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Каракол шаарында кыргыз улуттук спорт түрлөрү ордо жана кыргыз күрөшүнөн өлкөнүн чемпионаты аяктады. Мелдешке 7 областтын жана Ош, Бишкек шаарларынын командалары катышты.
Караколдо 7-августта ордо жана кыргыз күрөшү боюнча өлкөнүн биринчилигинин жеңүүчүлөрү аныкталды. Ордо боюнча Алатоонун 7 облусунун жана Ош, Бишкек шаарларынын командаларынын мөрөй талашуусунда баш байгени бишкектиктер утуп алышты. Талас облусунун ордочуларына экинчи орун ыйгарылды. Чүйлүк ордочулар байгелүү үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Совет доорунда чыр оюн делип өгөйлөнүп келген ордонун эрежелери такталып, облусттарда дагы ордо федерациялары түзүлгөнүн өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин бөлүм башчысы Ороз Евгачев айтып, биринчилик калыс өткөнүн белгиледи.

Мурда улуттук спорт түрлөрүнө Нооруз же башка майрамдарга гана көңүл бурулуп келсе, эми өлкө биринчиликтери үзбөй өткөрүлө баштаганы жакшы жышаан катары бааланууда.

Каракол шаарынын күрөш залында кыргыз күрөшүнөн балбандар күч сынашып, натыйжада Бишкек шаарынын жигиттери командалык биринчиликти колдон чыгарышкан жок. Экинчи орунга таластык балбандар ээ болушту. Ысыккөлдүк жигиттер үчүнчү орунду камсыз кылуу менен айырмаланды.

Кыргыз күрөшүн Алатоо аймагына кеңири жайылтууга демөөрчүлөрдүн жардамы зарылдыгын, өзүнчө күрөш залы, сарайы, ал түгүл күрөш килеми жоктугун өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргыз күрөш федерациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Марсель Мураталиев өкүнүү билдирди.

- Биз да кыргыз күрөшүн эл аралык деңгээлге жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок биздин демилгелерди колдоого алган демөөрчүлөр болбой жатканы өкүнүчтүү. Биздин өзүнчө атайын күрөш залыбыз же спорт сарайыбыз жок. Жогорку кеңешке деуптаттыкка талапкер кезинде банкир Муратбек Мукашев биздин федерацияга жардам берүүгө убада кылган. Же депутаттыкка өтүп алуунун амалыбы, айтор бир нече ирет жолугууга кылган аракетибизден майнап чыкпады. Кыргыз күрөшү улуттук спорттун өзүнчө жүзү, ар- намысы. Бул мен үчүн гана керек эмес, эл намысы үчүн баарыбызга керек.

Эми кыргыз күрөшүнүн балбандары сентябрда Ташкентте өтчү Азия биринчилигине, октябрда Вильнюста өтчү улуттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатына каражат табылса барышмакчы.

Кабыл Макеш, Бишкек шаары