Кошмо Штаттар Өзбекстандагы адам укуктарынын абалына терең тынчсызданат

Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер билдирди. Ал кечээ Ташкенде өзбек президенти Ислам Каримов менен жолуккан соң эки өлкөнүн ортосунда Андижан окуясы боюнча олуттуу пикир – келишпестиктер сакталып жатканын белгиленди. Баучер ошондой эле эки өлкөнүн алакасында али уланып жаткан проблемалар бар экенин кошумчалады. Ташкент менен Вашингтондун мамилеси өзбек президенти Ислам Каримов Андижанда былтыр майдагы козголоңдун кан төгүү менен басылышы боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү талаптарды четке каккан соң бузулду.