Үрүмчүдө шаар мэрлеринин саммити өттү

БИШКЕК. Кечээ Үрүмчүдө Азия, Тынч Океан аймактарындагы шаарлардын башчыларынын жетинчи саммити ишин аяктады. Үч күнгө созулган бул саммитте шаар курулушуна, башкарууга, айлана-чөйрөнү коргоого, экономикага, транспортко байланышкан маселелер талкууланды. Саммитке катышкан 17 өлкөнүн катарында Кыргызстандан Бишкек шаарынын вице-мэри Слизовский катышты.


Бурул Сарыгулова, Бишкек