5-9-сентябрда Кыргызстанда дүйнө элдеринин эпостору боюнча алгачкы эл аралык фестиваль өтөт

БИШКЕК. Ага тийиштүү токтомго премьер-министр Феликс Кулов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Фестивалга дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн коноктор чакырылган. Фестивалды уюштуруу тобунун башчылыгына мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров дайындалды.

Шайырбек Эркин уулу, Бишкек