Кыргызстанда эң жогорку айлыкты финансы тармагында иштегендер алышат

БИШКЕК. Алардын орточо айлыгы 10 миң сомдун тегерегинде. Мындай маалыматты “Кабар” агенттиги таратты. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айында кыргызстандыктардын ортчо айлыгы 67,9 долларды түзгөн. Токой чарбасындагылардын орточо айлыгы 1171 сом болсо, саламаттык сактоо тармагындагылардын айлыгы 1500 сомдун тегерегинде.