Шри- Ланкада бир жума ичинде 100гө чукул адам набыт кетти

АКШ менен Евробиримдик Шри- Ланкадагы эки тарапты тең салгылашууну жана аскерий операцияларды токтотууга чакырды. Соңку апта ичиндеги жаңжалда көтөрүлүшчүлөрдөн, мамлекеттик аскерлерден кошкондо баш аягы жүзгө чукул адам набыт болду. Шри- Ланкада көтөрүлүшчүлөр менен өкмөт салгылашты токтотуу тууралуу макулдашууга кол койгон 2002- жылдан бери мынчалык катуу кагылышуу боло элек болчу.