А.Бекназаров: Террорчулукка каршы иш чара күмөн туудурат

БИШКЕК. “Өлкөнүн түштүк аймагында Улуттук коопсуздук кызматынын террорчулукка каршы жасаган иш чаралары күмөн туудурат. Мындай шектүү операциялар демократиялык багытты тандап алган мамлекеттин кадырын кетирет”, - деп айтылат бейшембиде “Асаба” партиясынын тең төрагасы, депутат Азимбек Бекназаров таркаткан билдирүүдө. “Асаба” партиясы террорчулукка каршы күрөштү колдоорун, бирок бардыгын мыйзамдын чегинде жүргүзүүнү талап кыларын депутат баса белгилеген.