Бүгүн Багдадда Саддам Хусейнге каршы экинчи сот жараяны башталат

Бул жолу Ирактын мурдагы президенти күрттөрдү кыргандыгы үчүн айыпталууда. 80- жылдардын соңунда Ирак бийлиги күрттөр жашаган аймактарды уулантып, 100 миңдей адам каза тапкан. Буга чейинки сот жараянында Саддам Хусейн шийи кыштактын жашоочуларын кырган деген айып боюнча соттолду, бирок азырынча өкүм угузула элек.