08:00 Т. Бакир уулу: Өзбекстандын атайын кызматы Кыргызстанда мыйзамсыз иш жүргүзүүдө

БИШКЕК. 6-августта Ошто өлтүрүлгөн имам Мухаммадрафик Камаловдун "Өзбекстандын Ислам Кыймылына" тиешеси болгон эмес. Мындай пикирин Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу кечээ Бишкекте маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын атайын кызматтарына азыркы бийлик тарабынан өлкө аймагында мыйзам бузуулар менен кеңири ишмердик жүргүзүүгө жол берилүүдө. Буга чейин Улуттук коопсуздук кызматы терроримзге каршы өлкөнүн түштүгүндө болгон атайын операциялардын баары мыйзам чегинде өттү деген билдирүү тараткан.

Азиза Турдуева, Бишкек