БИШКЕК. Бүгүн мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров өлкөнүн түндүгүндөгү облустарды кыдыра баштайт. Ал 30-августка чейин Ысыккөл, Нарын, Талас жана Чүй облустарында болуп, эгемендик күнүнө жана жаңы окуу жылына карата даярдыктар, ошондой эле жалпы элдин турмушу менен жакындан таанышмакчы.