ДАЛАЙ ЛАМА МОНГОЛИЯГА КЕЛДИ

Монголиянын баш калаасы Улан Батордо миңдеген адамдар Тибеттин диний лидери Далай Ламаны кубануу менен тосуп алышты. Өлкөнүн эң үлкөн монастырынын алдында чогулган адамдар Далай Ламанын атын кыйкырып, ага узак өмүр каалап жатышты. Бирок Тибеттин диний лидеринин визити Тибетти 1950- жылы өзүнө күч менен каратып алган Кытайды бейпайга салууда.
Далай Ламанын бүгүн 23-августта Улан Батордун борбордук стадионунда өткөргөн диний жөрөлгөсүнө 10 миңдей киши чогулду. Лотос гүлү түспөлүндө жасалган орундуктан сөз сүйлөгөн Далай Ламаны миңдеген адамдар демин ичтерине катып, бир сөзүн калтырбай угушту. Өз сөзүндө диний көсөм адам баласы материалдык байлык менен бактылуу боло албасын, адамдын бактысы ички тынчтык менен бейпилдикте экенин, бул жашоонун баа жеткис нарктарынын бири үй бүлө жана балдар экенин баса белгиледи.

Далай Лама түшкөн "Эйр Чайна" учагы Улан Баторго 22- августта 12 саат кечигүү менен келди. Компания муну аба ырайынын начар болгондугу менен түшүндүрөт, бирок монголиялык серепчилер аны Кытай бийликтеринин нааразылык билдиргендигинин белгиси катары сыпаттап жатышат. 2002- жылы Далай Лама Монголияга акыркы жолу келгенинде дагы Кытай Монголия менен Кытайдын ортосундагы темир жолду жаап салган, дейт "Улан Батор пост" гезитинин баш редактору Чоймборолжаф Сумиябазар.

Далай Лама Монголияга өлкөнүн эң чоң монастырынын чакыруусу боюнча келди. Бирок ошого карабастан Кытай Монголияга өз наарызылыгын билдирип, козголоңчу деп эсептелген лидерди өлкөгө киргизгендиги үчүн сынга алды.

Борбордук Тибеттин Индиянын Дхарамсаладагы администрация башчысынын өкүлү Кытайдын нааразы болуусуна негиз жок, деп эсептейт.

-Далай Лама Монголиянын диний жетекчилигинин чакыруусу боюнча, диний жөрөлгөлөрдү өткөрүү үчүн келди. Монголдор Буддизмге табынышат. Ошон үчүн алар Ламаны өз диний көсөмү деп эсептешет. Бул таптаза диний максат менен жасалган визит,- деп билдирди Тумптен Сампел.

Кытай Тибетти 1950- жылы басып алып, өзүнө каратып алган, мындан 15 жыл мурда болсо региондо Тибет Автономиялуу чөлкөмү түзүлгөн. 1959-жылы Кытайга каршы көтөрүлүш күч менен басылган соң Далай Лама чет өлкөгө качууга мажбур болгон. Далай Лама Тибеттин чыныгы авономиясы үчүн күрөшкөндүгүн айтат, ал эми Кытай бийликтери аны региондун көз каранды эместигин көздөгөн сепаратист, деп эсептейт.

Бирок ушуга карабастан, Кытай бул визиттен чоң саясий жаңжал чыгарбасы айкын болууда.

-Демократиялык реформаларды ийгиликтүү ишке ашырып келаткан Монголия Шанхай Кызматташтык уюмунун мүчөсү болууну көздөөдө. Далай Ламанын визитине каршылык көрсөтпөө менен ал өзүнүн демократиялык жана диний эркиндиктер принциптерине берилгендигин көрсөттү. Экинчи жактан анын Шанхай кызматташтык уюмуна кабыл алынуусу Кытайдын эле эл аралык абройун көтөрмөкчү. Монголия Кытайдын кол алдынан 1921- жылы Советтик Россиянын жардамы менен бошонгон. Бирок коммунисттик режим кулагандан бери Монголия Кытай менен кызматташтыгын өөрчүтүп, дүркүрөп өнүгүп жаткан кытай экономикасы үчүн чийки зат өндүрүүчү болуп калган,-деп билдирет Британиянын Охсфорд университетинин серепчиси Рана Миттер.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары