Германия пайдасына тыңчылык кылгандыгы үчүн 12 жылга кесилди
Москва шаардык соту Германиянын кызыкчылыгына тыңчылык кылганы үчүн Андрей Думенковду 12 жылга кести. Орусиянын федералдык тергөө кызматынын маалыматына караганда, ал ракеталык курал- жарактар тууралуу маалыматтарды чогултуп берип турган.