08.00. 29-августта Бишкекте Кыргызстан эгемендигинин 15 жылдыгына арналган конференция өтөт

БИШКЕК. Анда өлкөдөгү жетишкендиктер, реформаларды жүргүзүүдөгү кемчиликтер, коомдук-саясий системадагы өзгөрүүлөр, мындан аркы саясий, экономикалык өнүгүү маселелери талкууланат. Форум Евразиялык демилгелер эл аралык фонду, Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы, Жаш саясатчылар форуму тарабынан уюштурулмакчы.

Азиза Турдуева, Бишкек