Айрым маалымдоо каражаттарында Өзбекстандан келчү газ баасы 100 долларга кымбаттары кабарланууда. «Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчилиги көгүлтүр отундун баасы сөзсүз көтөрүлөрүн ырастап, бирок да анын качан болорун биле албастыгын маалым кылды.
«Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчи орунбасары Саламат Айтикеевдин айтуусунда, газ баасынын 100 долларга чыгып калыш ыктымалдыгы кайсы бир өндүрүштүк жыйындан соң кайталана баштады.
-Массалык маалымдоо каражаттарында газ 100 долларга кымбаттайт экен деген кабар чыгып кетти. Бул жылда газ кымбаттабайт. Себеби, 2005-жылдын декабрында Өзбекстан менен контракт түзүлгөн. 55 доллардан газ келип жатат. Газ кымбаттабайт. Эмдиги жылга расмий маалымат жок. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Октябрдын башында баасы белгиленет,- дейт С.Айтикеев.
Экономикалык карым-катыштын базар мамилелерине өткөнү табигый газ Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы аялуу маселеге айланган. Бирок да кийинки жылдары расмий Ташкен газ баасын аз-аздан көтөрүүнүн кыныгын алып, аны жалаң экономикалык проблемадан саясий жүйөөгө айлантуунун амалын жасап келатат. «Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчиси Игорь Чудиновдун ырасташынча, газ баасынын көтөрүлүшүн же баштагы калыбында каларын өзбек бийлиги жылдын октябрь айында билдирет.
- Мунайдын баасы кымбаттап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы көтөрүлгөнүн көрүп эле жүрөсүңөр. Ошондуктан газ тууралуу кеп кылганыбызда, Өзбекстандан сатылып келинчү газдын баасы деле көтөрүлөрүн эске алуу абзел. Газдын баасы канчага көбөйөрүн так айталбайбыз. Себеп дегенде, Өзбекстан расмий түрдө газдын баасын октябрь айында гана жарыя кылат.
И.Чудинов Өзбекстандын «Узтрансгаз» компаниясы менен ушул жылдын 8-августунда сүйлөшүүлөр жүргүзүп, Кыргызстанга эмдиги жылы 900 миллион кубометр газ алууга макулдашканын билдирди.
- Өткөн жылы 750 миллион кубометр газ алууга келишим түзсөк, быйыл 900 миллион кубометр алалы деп турабыз. Биз өзбек газын сатып алуучулардын баары менен сүйлөшүп чыккандан кийин гана газ баасы тууралуу чечимге кол коебуз,- деп айтты. И.Чудинов.
Орусиянын «Газпром» компаниясы Өзбекстандан 10 миллиард кубометр, Казакстан 2 миллиард кубометр, Кыргызстан, Тажикстан 1,5 миллиард ашуун кубометр газ сатып алышат. Өткөн жылы «Кыргызгаз» акционердик коому газ маселесин биротоло чечиш амалында 8 миллион доллар кредит алып, Өзбекстан менен болгон каржылык маселелерди чечип, быйыл 750 миллион кубометр газды 55 АКШ долларына сатып алуу жөнүндө келишим түзгөн.
Газ баасын убагында төлөй албай, эки жыл Кыргызстан Казакстан сатып алган газды жагып келди. Орто жолдон алынган газ акысы - 19 миллион доллар карыздан Кыргызстан кошунасына электр энергиясын берип кутулууда. И.Чудинов өткөн жылы компания 18 миллион сомдук киреше тапканын билдирди.
Анткен менен газ жетекчилеринин көңүлүн өйүгөн маселе бюджеттик мекемелердин 77 миллион сомдук карызы болууда. Бул газ керектөөчүлөрдүн 25% түзгөн бюджеттик мекемелердин аласасы.
Кыйладан бери Өзбекстан газына көз каранды болбой толук электр энергиясына өтүү зарылдыгы айтылып келатат. И.Чудинов бул өтөле кымбатка түшчү жумуш экенин белгилеп, Канттагы цемент-шифер комбинаты менен Токмоктогу айнек заводу ушу тапта кымбатбаа газды алмаштырчу энергиянын башка түрүнө өтүү жолдорун иликтеп жатканын маалымдады.
Ушул жылдын сентябрь айынын аягында Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт. Анда экономикалык алака-катыштардын арасында газ маселеси да талкууланары айтылууда.