БИШКЕК. Бүгүн баш прокурор маалымат жыйынында өзүнүн дарегине айтылган сын дооматтарга жооп бермекчи. Кызматынан бошогон айрым прокурорлор өткөн жумада баш прокурор кадр саясатында баш аламандыктарга, өзүм билемдикке жол берип жатканын айтып чыгышкан. Ошондой эле иштен четтетилген жана кызматы кичирейген прокурорлор өлкө президентине Камбараалы Конгантиевге байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүүнү, анын негизинде кылмыш жообуна тартууну сунуштаган кайрылуу жолдошкон.
Шайырбек Эркин уулу, Бишкек
Шайырбек Эркин уулу, Бишкек