8:00 Кыргызстанда эгемендиктин 15 жылдыгына арналган иш чаралар башталды

БИШКЕК. Эгемендик күнүнүн урматына бүгүн Бишкектеги эски аянтта айыл чарба азыктарынын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү өтөт. Ага президент Курманбек Бакиев да катышмакчы. Мамлекет башчысы ушул эле күнү баш калаанын Көкжар конушундагы жаңы мектептин ачылышына да катышаары күтүлүүдө.