Ливан экономикасы 15 жыл мурунку абалга келип калды

Бул тууралуу Ливан премьер- министри Фуад Синиора билдирип, эл аралык коомчулукту өлкөнү калыбына келтирүү иштерине жардам берүүгө чакырды. Кечээ Стокгольмдо өткөн жыйынга катышкан мамлекеттер баш аягы 940 миллион доллар жардам бермек болушту.