МУСУЛМАНДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БИШКЕКТЕ ӨТӨТ

Кыргызстандык жана саударабстандык дин ишмерлери Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын колдоосу жана каржылоосу менен 5-7-сентябрь күндөрү Бишкекте “Орто Азия мусулмандары жана алардын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымы” деген темада эл аралык конверенция өтөрүн жарыя кылышты.
Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Бишкекте мындай темада эл аралык конференция өткөрүп жатышы жөн жерден эмес экендигин Мекке шаарындагы Уммуль Куро университетинин профессору, доктор Мухаммад Саид өзбек тилинде айтып берди:

- Бир замандар өткөн, арабдар ушу Орто Азияга келип окубаса – диний аалым катары эсептелген эмес. Бухара, Самаркан, Өзгөн сыяктуу рух борборлоруна атайы келишип, сабак алышкан. Арабдар дүйнөлүк цивилизацияга ири салым кошкон улуу аалымдардын ушу тараптан чыккандыгын эске алуу менен минтип эл аралык конференцияны Орто Азияда - Кыргызстанда өткөрүүгө бел байлап олтурушат.

Доктор Мухаммад Саид Европаны руханий жактан Борбор Азия ойготкон деген оюн да кошумчалап өттү:

-Жанагы мен айтып өткөн мезгилдерде Европа уйкудан ойгоно элек болчу. Рух борбор узак мезгилдер бою Орто Азия болгондугун арабдар жакшы билишет. Силерди арабдар кандай баалашарын алдыдагы эл аралык конференцияда толук байкайсыздар. Сиздер акыйкаттык менен маданиятка устун болуп келген элдерденсиздер!

Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жуманов Бишкекте – улуттук филармониянын имаратында өтчү “Орто Азия мусулмандары жана алардын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымы” аттуу эл аралык конференцияга Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын баш катчысы Абдулла Абдулмухсин Ат-Түрки баштаган меймандар 30 чакты өлкөдөн келерин билдирди.

Баш кеңсеси Саударабстанда жайгашкан Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын конференция иштери боюнча деректири, шейх Рахматулла Иноятулла алдыдагы диний конференция жалпы эле орто азиялыктардын тарыхый ордун тактап, кадырын өстүрүүгө жардам берет деген ойдо:

-Бул эл аралык конференция үчүн Араб өлкөлөрүндө, Мисирде, Түркияда, Монголияда, Орусияда жана башка өлкөлөрдө 40ка жакын атайын докладдар даярдалып жатат. Конференция материалдарын атайын китеп кылып чыгаруу менен Орто Азия окуусун, ойчулдарын бүткүл дүйнө мусулмандарына кайрадан жеткирсек деген мүдөөбүз бар.

Муфтий Мураталы ажы Жуманов эл аралык конференциянын жүрүшүндө Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын баш катчысы Абдулла Абдульмухсин Ат-Түрки менен Бишкекте курула турган башкы мечит имараты жайында да сүйлөшүү жүргүзөрүн жарыя кылды:

-Кыргыз өкмөтү борбордук мечит куруу үчүн бизге Жаш гвардия-Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинен 6 гектардан ашык жер аянтын ажыратып берген. Катар мамлекетинен келгендер биз куруп беребиз деп да айтышкан. Бирок курулбай эле турат. Эртеңки эл аралык конференцияда Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын баш катчысына ошол жер аянтыбызды көрсөтүп, курууга жардам беришин сураналы деп жатабыз. Сүйлөшүү конференциянын иш алкагында жүрөт.

Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасы буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстанда – Алматыда гана үч жыл мурда эл аралык конференция өткөрүптүр. Экинчи эл аралык конференциясы минтип Бишкекте даярдалып жатат.


Кожогелди Култегин, Бишкек