19.00. Бишкекте Кыргыз-жапон маданияты жана көркөм өнөр фестивалы ачылды

БИШКЕК. Анда Жапониядан келген сүрөтчүлөр, каллиграфисттер жана керамисттер өз колу менен жараткан чыгармаларын тартуулашты. Көркөм өнөрдүн күйөрмандары живопись сүрөттөрүн гана көрбөстөн, жапон көркөм өнөрүнүн бирден бир түрү- икебана түзүүнүн, кагазда жана кездемеде тушь менен сүрөт тартуу сабактарына катыша алышат. Фестиваль бир жумага дейре созулмакчы.