19. 30. Астанада Борбор Азия президенттеринин бейформал жолугушуусу өттү

БИШКЕК. Президенттин басма-сөз кызматынан маалымдашкандай, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекет башчылары Астана саммитинде гидроэнегетикалык ресурстарды пайдалануу, транспорт, маалымат байланыштары жана экология маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, мамлекет башчылары суу-энергетика ресурстарын пайдалануунун формасын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топту түзүү чечимин кабыл алышты. Суу-энергетика ресурстарын пайдалануу маселеси буга чейин да көтөрүлүп келгени менен тараптарга тең пайдалуу чечим кабыл алынган эмес.