8:00 Президент Курманбек Бакиев бүгүн Түркияга сапар тартат

БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев Түркияда 6-сентябрга чейин созула турган сапар учурунда түрк жетекчилиги менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Президент Бакиевдин бул Түркияга алгачкы сапары болуп калмакчы.