Жаңылыктар Москвада укук коргоочуларды камакка алышты 4-Сентябрь, 2006 Орусиянын баш калаасы Москвада полиция бир топ укук коргоочу активистти уруп-токмоктоп, анан камакка алды. Укук коргоочулар Беслан трагедиясынын эки жылдыгына карата бийликтердин уруксатысыз демонстрация өткөрүп чыгышкан болчу.