БАТКЕН : ЖАРДЫРГЫЧ ЗАТ ТАШЫП БАРАТКАН ЭКИ АВТОМАШИНА КАРМАЛДЫ

30-август күнү жардыргыч заттар жүктөлгөн эки автомашина Баткен шаарынын элдүү көчөсүндө күч органдары тарабынан токтотулган. Алар кийин такталгандай Тажикстанга тиешелүү болуп чыкты. Эгемендүүлүк майрамынын алдында шаардын так ортосунда, жардыргыч затка жык толгон автомашиналардын жүрүшү кооптуу деген пикирлер көп болууда.
Учурда Тажикстандын Хатлон облусундагы Сангтудин 2 ГЭСин куруу боюнча орус-тажик долбоору жүрүп жатат. Долбоордун алкагында Тажикстан жардыруу иштерине керектүү заттарды Орусиянын Новосибирск шаарынан алып келүүсү зарыл. Өзбекстан тажик жүктөрүн өткөрүүгө урусат бербей койгонунан, кыйла алыс жана начар болсо да тажик тарап жардыргыч заттарды Кыргызстан аркылуу алып өтүү келишимин түзүшкөн. Анда Кыргызстандын аймагындагы ташып жеткирүү иштерин кыргыз тарап аткаруу керектиги да макулдашылган. Бул милдетти Бишкектеги Геологиялык чалгындоо иштерин техникалык жактан тейлөө жана комплектөө боюнча өндүрүштүк ишканасы мойнуна алат. Коомчулуктун арасында сөз болгон бул окуяга атын атагысы келбеген «Кыргызгеолтехкомплект» ишкансынын өкүлү, жардыргыч заттарды ташуу менен көптөгөн ишканалар иш алып барат, эмнегедир биздин ушул учур резонанс туудурду дейт:

- Бул геологиядагы күнүмдүк иш. Жардыргыч заттарды ташуу боюнча көптөгөн ишканалар иштейт. Эмнегедир биздин ушул учур резонанс туудурду таң калыштуу.

Жардыргыч заттарды бир жерден экинчи жерге жеткирүүнүн өзүнүн техникалык коопсуздугу сакталат. Ошондой болсо дагы, түштүктөгү баарыга маалым окуялардан кийин, ар кандай кокустуктар болушу мүмкүн, дейт Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн, өзгөчө маанилүү иштер боюнча, ага оперативдүү өкүлү Жээнбек Аджикулов:

- Жарылуучу заттар бөлүк-бөлүгү менен ташылат. Түздөн-түз элге коркунуч түзүлбөйт. Бирок ошол дары-дармектерди толугу менен жеткирүүдө эч кандай сактык жок. Себеби азыр биздин шартта, ушундай оор акыбал болуп атканда, ким билет кимдин оюнда эмнелер бар, кол салуулар болушу мүмкүн, Камаздарды айдатып кетип калышы мүмкүн.

Чындыгында Баткен облусунун аймагы аркылуу өткөн жол аралыгы ар түрдүү айылдардан, анклавтардан басып өтөт. Ал эми жардыргыч заттарды ташуу ишин аткарып жаткан «Kыргызгеолтехкомплект» ишканасынын өкүлү сырт коопсуздугун сактоого ички иштер органдары көзөмөл кылууга тийиш дейт:

- Коопсуздук үчүн Ички иштер башкармалыгы жооп берүүсү тийиш. Ал эми жүктү эсен соо жеткирүү биздин ишибиз.

Ички иштер министирлиги тарабынан болгону уруксат гана берилет, эч кандай жүктү коштоп жүрүү жана аны көзөмөлгө салуу милдеттендирилген эмес, дейт Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын ага оперативдүү өкүлү Жээнбек Аджикулов.

Кимиси көзөмөл жүргүзүп, кимиси жеткиресе да майрам алды менен Баткен шаарынын так ортосунда 1082 куту жардыргыч заттары жүктөлгөн Kамаз автомашиналарынын токтоп турушу, шаардагы айланып өтүчү жолдун жоктугуна такалат.

-Баткенди айланып оор машинелер өтө турган жол жок болгондугуна байланыштуу, арга жок шаардын ичинен өткөнгө туура келди, - дейт Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн, өзгөчө маанилүү иштер боюнча, ага оперативдүү өкүлү Жээнбек Аджикулов.