Сербияда жергиликтүү шайлоо учурунда атышуу болду

Сербиянын жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо убагында талапкерлердин бири өлтүрүлдү. Нови- Пазар шаарындагы добуш берүү участкасына топтошкон адам келип ок жаадырган. Серб президенти Борис Тадич бардык саясий күчтөрдү тынчтыкка чакырды.