Жаңылыктар Черногорияда парламенттик шайлоо болду 11-Сентябрь, 2006 Сербиядан бөлүнгөндөн бери биринчи жолу парламенттик шайлоо болуп, ага шайлоочулардын 63 пайызы катышкандыгы кабарланууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, премьер- министр Мило Жуканович башында турган солчул-центристтик коалиция жеңип чыккан.