16:00 Мырзаке шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 11 талапкер арыз берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, талапкерлердин арасында вице-премьер-министр Алмамбет Матубраимов, мурунку депутат Токтокан Боромбаева, журналист Кылычбек Султанов, жана ошондой эле ишкерлер да бар. Добуш берүү 29-октябрга белгиленген.