16:00 Президент эртең күч министрлерине берген тапшырмасынын кандай аткарылганын сурайт

20-сентябрда өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев күч министрликтеринин катышуусу менен жыйын өткөрөт. Анда 19-июлда президент тарабынан коюлган талаптардын аткарылышы талкууланат. Ал жыйында буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачуу, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү маселелери коюлган.