8:00 Президент Курманбек Бакиев келаткан жумада элге кайрылуу менен чыгып сүйлөйт

Мындай маалыматты президенттин маалымат кызматы тастыктады, бирок кайрылуу кайсы күнү жасалаары азырынча белгисиз. Мамлекет башчысы бул кайрылуусунда өлкөдөгү кырдаал, социалык-экономикалык проблемалар жана өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы тууралуу сөз кылышы күтүлүүдө.