Будапештте нааразылыктар уланууда

Өткөн түнү парламенттин алдына үч миңдей киши чогулду. Алар баштагыдай эле премьер-министр Ференц Дюрчандын кызматтан кетишин талап кылышууда. Нааразылык митингдери беш күндөн бери өтүп жатат. Айрым күндөрү тоз-тополоң да болуп өттү.