Иракта АКШ баштаган согуш исламчыл радикалдардын жаңы муунун жаратты жана глобалдык терроризм коркунучун күч алдырды

АКШнын чалгын кызматтары ушундай тыянакка келгенин "Нью-Йорк Таймс" гезити жазып чыкты. Гезитке ылайык, бул тууралуу АКШнын өкмөттүк 16 чалгын кызматынын биргелешкен, соңку жашыруун отчетунда айтылат.