Социал-демократтар менен Демократиялык партия ноябрдагы шайлоого өз талапкерлерин көрсөтпөй тургандыгын маалымдашты. Алар президент Эмомали Рахмоновго кайрадан шайлоого катышууга жол ачкан конституциялык өзгөртүүлөрдү айыпташкан. Азырга чейин Рахмоновдон башка төрт кишинин талапкердиги көрсөтүлдү.