14:00 Депутат Дооронбек Садырбаев президентке импичмент жарыялоого даярданууда

Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев жыл аягына чейин президент Курманбек Бакиевге ишеним көрсөтпөө талабын Жогорку Кеңешке кое тургандыгын бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бакиев өлкөнүн саясий-экономикалык абалын жакшыртуу багытында айткан бир топ убадаларынын аткарбай жатат. Садырбаев учурда буга керектүү негиздүү далилдерди, документтерди топтоого киришти.