17:30 Непалда Кыргызстандык жаран тик учак кырсыгынан набыт болду

23-сентябрда Непалда кыйроого учураган Ми-17 тик учагынын командири Кыргызстандын жараны экендигин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан тастыкташты. Гималайдын аймагындагы Канченджанг тоосунуна жакын жерде тик учак кыйроого учурап, анын бортундагы 24 адам курман болгон.

Аманбек Жапаров