Жорж Буш эки президентти элдештирүү аракетин көрүүдө

АКШ президенти Жорж Буш бүгүн Пакистан лидери Первез Мушаррафты жана ооган президенти Хамид Карзайды кечки сый тамакка чакырды. Америка лидери бул жолугушуу эки президенттин салкын мамилесин оңдойт деген үмүттө. Жакында эле Хамид Карзай Пакистан аркылуу өтүп келаткан согушчандарды тоспой, Мушарраф талибдерди колдоп атат деп айыптаган.