16:00 Жалалабат облусунун мекеме-уюмдары Сузак районундагы карылар үйүнө жардам берип келди

Губернатордун орунбасары Жаныш Курбанов баштаган облустагы мекеме-уюмдардын башчылары облустагы Октябрь айылындагы карылар жана
майыптар үйүнө 75 миң сомдук кайрымдуулук жардамын тапшырышты. Анын 18
миң сому нак акча, калганы азык-түлүк, жер-жемиш жана Жалалабат курортуна эс алууга 1 жолдомо бар.Карылар үйүндө жашаган 105 адамдын 55и төшөктөн тура албайт. Өткөн жумада балдарына таарынган 65 жаштагы Өзгөндүк оорулуу карыя өзүнө өзү бычак уруп, карылар үйүндө көз жумган.(YA)