АК ҮЙ АЛДЫНДА АРТИСТТЕРДИН АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫ

3-октябрь күнү Кыргыз улуттук драма театрынын айрым белгилүү артисттери ачкачылык жарыялап, күнү-кечке Акүйдүн чыгыш капталында олтурушту. Алар театрдын деректири Кыргызбай Осмоновдун кызматтан кетишин талап кылышууда.
Ачкачылык жарыялаган артистер алтоо. Акүй алдында бешөө олтурушту. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жамила Сыдыкбаева шарты туура келбегендиктен бул жерге чыкпай калыптыр. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артиси Сайрагүл Мырзалиева театрдагы нааразылык кыйладан бери уланып келаткандыгын белгиледи:

"Кыргызбай Осмоновдун үстүнөн алты артист айым арызданган элек. Маданият министрлигинен комиссия келип текшерип, натыйжада деректир менен башкы бугалтыр сөгүш алышкан. Чыгармачылык жагдайды оңдоо боюнча деректирге мөөнөт да берилген. Ал болсо оңдомок турсун кара кайраштырып-курчутуп салды".

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артиси Тынара Абдыразаеванын айтуусунда, деректир Кыргызбай Осмонов арызданган алты артист айым ойногон спектаклдерди атайылап репертуардан алып салганга өткөн. Маселен, Жыпариса Көчөрбаева жыл бою бир да спектаклге чыгарылган эмес.

Кыргыз эл артисти Гүлайым Каниметова Кыргызбай Осмоновдун “Агым” гезитиндеги “Проходной двор” болуп калган театрды толук оңдоп, ордуна коюп койдум деген маанидеги сөзүнө күйүп-бышса, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артиси Шайгүл Алсейитова Кыргызбай Осмонов тойлорго тамадалык кылып кетип, театр каралбай калууда деп нааразы.

Театрдын башка жоон топ артисттери театр деректири Кыргызбай Осмоновду колдоо максаты менен ачкачылык жарыялагандардын каршысына келип турушту эле, маданият министри Султан Раев келип сүйлөшкөндөн кийин алар таркап кетишти. Алардын арасында Кыргыз эл артиси Гүлшара Дулатова эже да бар эле.

"Деректирибиз Кыргызбай Осмонов эчтекеси жок калган театрды кайра бутуна тургузуп, жасап-түзөп койду. Ушинтип турган деректирибизди биз колубуздан кантип чыгарабыз. Жыпариса Көчөрбаева деген кызыбыз илгери Советбек Жумадылов театрда көркөм жетекчи болуп турганда да ушинтип ачкачылык жарыялап, аны кызматтан кетиртип, инфаркт оорусуна туш кылган. Эми да минтип…"

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Эгемберди Бекболиев, Кыргыз эл артисти Замир Сооронбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайыргүл Касымалиева да театрдын азыркы жетекчисин коргогон пикирлерин айтышты.
Министр Султан Раев сөзгө аралашууну оң көрбөдү.

Ал эми Кыргыз улуттук драма театрынын деректири Кыргызбай Осмонов кеңсесинде: “Мен алар менен компромисске барып иштешет элем,” – деген оюн билдирди.

Артисттердин ачкачылык акциясы 4-октябрда да уланат шекилдүү.

Кожогелди Култегин, Бишкек











Театрда жаңыланууну талап кылабыз. Театрдын деректири Осмонов биздин адамдык укугубузду тебеледи. Кыргыз улуттук театры Кыргызбай осмоновдун менчик театры эмес.