Чүй облусунун Степное айылында жайгашкан аялдардын №2 абагында «Мутакалим» диний бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү ысык тамак уюштурушат. Алар аялдар абагында мындай соопчулук иштерин ар бир дүйшөмбүдө өткөрүшөт. Абактагылар рухий дүйнөлөрүн тазартып, ыйык Курандын сырларын, арабча окуганды, жазганды үйрөнүшөт. (AJ)