Жаңы жылдан баштап Кыргызстанда газдын баасы кымбаттайт. Өзбекстан 1000 кубометр газдын баасын 100 долларга көтөрө тургандыгын 11-октябрда «Кыргызгаз» акционердик коомуна жолдогон расмий катында билдирди. Дагы да кыш чилдеде газ проблемасы чыкса болгон оорчулуктун баары электр энергиясына түшөт.
Өзбекстан Кыргызстанга сатчу газ баасын жаңы жылдан тарта 100 долларга көбөйтөрүн 11-октябрда сунуш кылганын өкмөттүн отун-энергетика комплекси бөлүм башчысынын орунбасары Эрнест Карыбеков «Азаттыкка» берген интервьюсунда маалымдады.
- «Кыргызгазга» «Узтрансгаздан» расмий кат келди. Газ баасы 100 доллар деген. Эгер тариф көтөрүлсө газдын баасы кымбаттары турулуу иш. Бул сунуш, биринчиден, өзбек өкмөтүнүн өзүнөн чыккан кеп эмес. Аларда «Өзбекэнерго» мамлекеттик акционердик коому бар, ошолордун сунушу. Бул маселе өкмөттүк деңгээлде каралат.
Э.Карыбековдун айтуусунда, газ баасынын кымбатташы социалдык аялуу катмарга чоң түйшүк алып келиши ыктымал. Расмий Ташкен газ акысын айткан баасынан төмөн түшүрбөй койсо, ага жооп кылып Кыргызстан сугат маалында Өзбекстанга сатчу электр акысын кымбаттатышка мажбур болот, деп билдирди Э.Карыбеков.
Газ көйгөйүн эгемендик тушунда кыргызстандыктар кыйла эле тартышты. Өткөн жылкы бийлик алмашуусунан кийин Кыргызстан газ карызын кредит эсебинен жаап, Өзбекстан «көгүлтүр отунунун» 1000 кубометрине 55 доллардан акча төлөп, маселе оңунан чечилген.
Бирок да газ баасы кийинки жылда кыйла кымбаттай тургандыгын «Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчиси Игорь Чудинов такай эле айтып келатат. Анын ырасташынча, 2007-жылга чейин Өзбекстандан 750 миллион кубометр газды сатып алуу тууралуу келишимге кол коюлган.
- Баасы 55 доллардан. Бул баа 2007-жылга чейин өзгөрүлбөйт. Ошону мен баса айткым келет. Себеп дегенде, газдын баасы кымбаттайт деce эле көпчүлүк жылуулук сезону башталганда баа көтөрүлөт, деп ойлой башташат,- дейт И.Чудинов.
Анын айтуусунда, газдын баасынын көтөрүлүшү күтүлгөн иш. Жаамы дүйнөдө отун-суунун акысы асманды чапчып жатканда андан Кыргызстан менен Өзбекстан четте калышы мүмкүн эмес.
«Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчи орунбасары Саламат Айтикеев да бул жылы газ кымбаттабай тургандыгын айткан.
- Бул жылы газ кымбаттабайт. Эмдиги жылга сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ушул октябрдын баштарында баасы белгиленет. Былтыр газ 42 доллардан эмес беле.
Октябрдын башында Кыргызстандын президенти Өзбекстанга расмий иш сапары менен барды. Чек ара, суу, экономикалык карым-катыштар жайында жүргөн сүйлөшүүлөрдө газ маселеси да козголгон. Кыргызстан Өзбекстандан алчу газдын көлөмүн дагы 200 миллион кубометрге көбөйтөрүн билдирген.
Эгемендик тушунда кыргызстандыктарды жыл сайын кышында элейтчү газ көйгөйүнөн кутулуу үчүн мурдагы өкмөт отун-суу тармагын электр энергиясына өткөрүү идеясын көтөрүп чыккан. Жабдууларынын 80% эскилиги жетип калган тармак андай оорчулукту көтөрө албасы турулуу иш.
Э.Карыбеков кысталыш кырдаалдан чыгуунун бир жолу көмүр казып алууну көбөйтүү керек, деген пикирде. Кыргызстандагы эң ири Каракече көмүр кенинен Бишкек жылуулук борборуна автожол менен отун ташып келүүнүн баасы оголе кымбатка турууда. Бийик тоо арасына темиржол жетелек.
Иши кылып, жыл аягында абыдан курчуп кетчү жылуулук маселеси жаз келгени баам сыртында калып, Өзбекстан газ акысын эми канчага кымбаттатар экен деп Ташкенди акмалап отурмай дагы кыйлага созулчудай.