Британ аскрелеринин Иракта жүргөнү Ирактын коопсуздугун начарлатып жатат, деп генерал Ричард Дэннет “Дэйли мэйл” гезитине берген маегинде билдирди. Британиянын коргоо министрлиги азырынча эч кандай комментарий бере элек. Айрым байкоочулар генералдын мындай билдирүүсү саясий чатакка алып келет деп билдирүүдө.