АКШнын жаңы мыйзамы 1930-жылдардагы Украинадагы ачарчылыкты геноцид деп баалайт

АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү атайын мыйзамга кол коюп, АКШ өкмөтүнө таандык аймакта - 1930-жылдардагы ачарчылык учурунда каза болгон украиналык жарандарга арналган эстелик курууга жол ачты. Эстеликти Украина өкмөтү Вашингтон шаарында курат. 1932-1933-жылдарда Украинада колхоздоштуруу күч менен ишке ашырылганда миллиондогон адам ачкадан өлгөн жана америкалык закондо ал "геноцид" деп аталат.