15:00 Атуулдук коом президент Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүгө даяр

"Mамлекет башчысы уюштура турган жолугушууга барабыз", деп билдирди «Интербилим» уюмунун лидери Асия Сасыкбаева бүгүн. Анын айтымында, өлкөдө кырдаал олуттуу экенин «Реформа үчүн» кыймылдын катарынын өсүшү далилдеп турат. Алар президент менен системаны кандай өзгөртүү маселесин талкуулаганды каалашат. "Эгерде орток пикир табылса 2-ноябрдагы митингиге чыкпайбыз", деп белгиледи Асия Сасыкбаева. (AiT)