Россияда журналист Анна Политковскаяны эскерүү чаралары уланууда

Политковскаяны эскерүү акциялары Чеченстанда, Ингушетияда, Саратовдо жана Красноярскиде өтөт. Кечээ аза күтүү аземи Петербургда жана Екатеринбургда өттү. Анна Политковская 7-октябрда киши колдуу болгон.