Эки өлкө чек арасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында укуктук маселелер каралууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Саламат Аламанов билдирди. 11-октябрда башталган жыйын ушул жумада соңуна чыгат. Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу миң чакырымга жакын. Бирок ушу кезге дейре анын бир чакырымы да тактала элек. (SM)