10:00 «Реформа үчүн» кыймылы менен чет элдик дипломаттар бейшембиде жолугушат

Бул тууралуу кыймылдын координатору Өмүрбек Абдырахманов бүгүн билдирди. Анын айтымына караганда, жолугушуу бир күн кечирээк мөөнөткө которулду. Анда дипломаттарга кыймылдын максаттары, 2-ноябрга белгиленген митинг тууралуу маалымат берилмекчи. (AiT)