16:00 “Ар намыс” партиясынын курултайы 31-октябрда болот

Анда өлкөдөгү саясий кырдаал, Конституциялык реформага байланыштуу маселелер каралат. Аталган партия кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова курултайга премьер-министр Феликс Кулов чакырылганын билдирди. Анын айтымында, 2-ноябрдагы митингке катышуу, катышпоо курултайда чечилет.Ал эми “Содружество” партиясы өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча 25-октябрда билдирүү таратып, оппозициянын Бакиев-Кулов тандемин отставкага кетирүү талабын колдобой тургандыгын белгилеген. (AJ)