Алманияда дем алыш күндөргө пландалган футбол оюндары болбойт

Алманиянын бир провинциясы - дем алыш күндөргө пландалган футбол боюнча жетимишке жакын оюнду кийинки мөөнөткө жылдырды. Жакында Зиген-Виттгенштайн деген аймакта футбол учурунда тополоң чыгып, немис күйөрмандары бир судьяны сайып жиберген. Бийликтин пикиринде, бир нече убакытка оюндар болбосо, абал тынчыш керек.


Нарын Айып, Прага