Дүйнөдө жаштардын жумушсуздугу өсүүдө

Эл аралык кесиптик уюмдун маалыматына ылайык, 15тен 24 жашка чейинки 1 миллиард 100 миллион улан-кыздардын үчтөн бирине чукулу ишсиз же күнүнө 2 долларга жетпеген айлык алышат. Уюмга ылайык, Түштүк Азияда, Сахаранын түштүгүндөгү африкалык өлкөлөрдө жана Жакынкы Чыгышта экономикалык өсүшкө карабастан, жаштар үчүн жетиштүү жумуш орундары түзүлбөй жатат.

Жаңыл Жусубжан, Прага